Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы.
Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта өттү. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты. Намаз окуу алдында мусулмандардын диний башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Быйылкы майрам 11-августка туш келди.
Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (BkA)