Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдарды саясий максатта колдонууга тынчсызданды


ЮНИСЕФ Кыргызстандагы кырдаалга жана саясий акцияларга балдардын катышуусуна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюм тараткан билдирүүдө айтылат. Анда акыркы окуяларда бир катар адамдар, анын ичинен жаш балдар жабыркап, зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Уюм балдарды жана өспүрүмдөрдү саясий максаттарда колдонууну айыптаган.

Демонстранттар менен укук коргоо органдарын балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоого жана аларга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырган эл аралык уюм балдардын ата-энелеринин да жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Демонстрацияга катышкан ар бир өспүрүм Кыргызстандын ички мыйзамдарына жана БУУнун Балдар укуктары боюнча конвенцияга ылайык корголушу керек. Алардын аткарылышы үчүн мамлекет жоопкерчиликтүү», деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

ЮНИСЕФ кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып, Кыргызстандагы бардык балдардын укуктарын коргош үчүн өкмөттү, жарандык коомду жана башка өнөктөштөрдү колдой тургандыгын билдирди.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо убагында жаш балдардын жүргөнүнө буга чейин көңүл бурулуп, талкуу жараткан эле. (GT)

XS
SM
MD
LG