Тажик бийлиги улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу үчүн каралган жазаны жеңилдетүүнү көздөп турат. Учурда өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан даярдалган Жазык кодексине жана Административдик укук бузуу жөнүндө кодекске сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр парламент тарабынан каралууда.
Учурда өлкөдө бул беренелер боюнча айыпталгандар кылмыштын оордугуна жараша беш жылдан 12 жылга чейин соттолот.
Тажикстандын Юстиция министрлигинин өкүлү Сарвар Холикзоданын айтымында, өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин үч учурда айыпталуучуга административдик иш козголот: кылмыш алгачкы жолу жасалса, кылмыш коомго коркунуч келтирбесе жана айыпталуучу өкүнүчүн билдирсе. Калган бардык учурларда айыпталуучуга карата кылмыш иши козголот.
- Тажикстан нормаларды эл аралык милдеттенмелерине ылайыктоо жана адилеттүү соттук териштирүүлөрдү камсыз кылуу максатында улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу үчүн каралган жазаларды жумшартууга ниеттенип жатат, - деди аткаминер.
Жазык кодексине жана Административдик укук бузуу жөнүндө кодекске сунушталган бул өзгөртүүлөр күчүнө кириши үчүн аны өлкө парламенти жактырып, президент кол коюшу керек.
Тажикстанда ондогон адам улут, аймак, раса жана дин аралык кастыкты козутуу айыбы менен камакта отурат. Сунушталган өзгөрүүлөр кабыл алынса, Интернеттеги жактыруу белгилери, репосттору жана билдирүүлөрү үчүн, ошондой эле кастыкты козута турган баракчаларды таркаткандыгы үчүн соттолгон жарандардын көбү мунапыс боюнча эркиндикке чыгып же жаза мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн.