Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Гонконгдун полициясы демонстранттарга каршы суу чаччу машинелерди колдонот


Демонстранттарга суу чачкан машине.
Демонстранттарга суу чачкан машине.

Полициянын өкүлү Чан Кинквоктун суу чаччу машинелерди көргөзүү учурунда айтканына караганда, «алар уруксат берилбеген акцияларда, курмандыкка жеткирген, мүлктү талкалоого же коомдук тартипке жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан массалык башаламандык учурунда» колдонулат.

Гонконгдун бийлиги суу чаччу машинелерди көздөн жаш чыгаруучу каражаттар жана желим октор эки жарым айдан бери өкмөткө каршы нааразылыкты токтото албагандан кийин алып чыкты.

11-августта демонстранттар менен полициянын кезектеги кагылышынан 45 киши жабыркады.

Мындай акциялар Гонконгдогу ондогон жылдардан берки эң ири саясий кризис жана расмий Бээжин үчүн олуттуу маселе катары мүнөздөлүп жатат.

Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда.

6-августта Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоого» чакырган.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG