Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Өмүрбек Бабанов Таласка барды


Өмүрбек Бабанов «Манас» аба майданына кайтып келген учур. 9-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Бабанов «Манас» аба майданына кайтып келген учур. 9-август, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин Кыргызстанга кайтып келген мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов учурда үй-бүлөсү менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу саясатчынын партиялашы, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди:

- Өмүрбек Токтогулович 1 жыл 9 ай Кыргызстанда болгон жок. Таласта ата-энесинин үйү бар. Ал өзүнүн айылына келди. Ага чейин ыйык жер болгон «Манас-Ордого» зыярат кылып, жакындары менен түлөө өткөрдү.

Бабановду Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев баш болгон тарапташтары коштоп жүрөт.

Ал Орусиядан Бишкекке 9-августта учуп келген. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан жүздөгөн тарапташтары тосуп алышкан. Бабанов анда кыска билдирүү жасап, буга чейин ага козголгон кылмыш иштери боюнча сурак берүүгө даяр экенин айткан.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын жарыялаган.

УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан толугу менен кеткенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG