Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Эсеп палатасынын пара талап кылган инспектору кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара алганын аныктады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын апрель айында Эсеп палатасынын инспектору №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Калган каражатты кийин кызматкерлерден чогултуп бермек.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары «Пара талап кылуу» боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

26-июлда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына чыгаруу боюнча бөгөт чарасын аныктаган. Ал эми үй-бүлөлүк медицина борборунун пара бергени кабарланган кызматкери эч жакка кетпөөгө милдеттендирилди. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG