Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-8-августтагы Кой-Таш айылында жасалган операцияны парламент иликтеп чыгышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө айтты:
- Жогорку Кеңеш каникулдан келгенден кийин депутаттык комиссия түзүп, ушул ишти иликтеш керек. Кандай болуп уюштурулган, катачылыктарга эмнеге жол берилди, ага ким барды? Бул азыркы күч кызматтарындагы жетекчилердин шалаакылыгын аныкташ үчүн жана келечекте мындай чалагайым иштердин алдын алыш үчүн керек. Парламенттин керектүү комитети муну терең изилдеп, коомчулукка ачык билдириши керек. Себеби адамдын өмүрү менен ойногон болбойт. Ыкчам түзүмдүн маркум кызматкеринин артында балдары калды.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жабыркады. «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков ок тийип каза болгон. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Ал Москвага жеткирилип, дагы эле комада жатат.
Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө, 8-августта кармалды. Ал 26-августка чейин камакка алынды. (ErN)