Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:11

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты


Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Жуманазарова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Жуманазарова мелдештин жүрүшүндө төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы мелдешинде украиналык Кристина Малявканы 11:0, экинчи беттешинде орусиялык Кахум Валиеваны 1:1, чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Жэйден Лэй Лаурент менен күч сынашып, 11:0 эсеби менен жеңишке жетип, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды.

Финалдык беттеште Жуманазарова жапониялык Наруха Матсуюки менен менен таймашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Дагы бир кыргыз балбаны Нариза Марсбек кызы 59 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова жакында эле, 9-14-июль аралыгында Таиланддын Чонбури шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынса, Назира Марсбек кызы күмүш, Нураида Анаркулова коло медалдын ээси болгон.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 12-августа башталган. Кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз катышып жатат. Эртең, 16-августта 57 килограммга чейинки салмакта Нураида Анаркулова күчүн сынайт. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG