Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:36

Кыргызстанда жыл башынан бери беш миңдей үй пайдаланууга берилди


2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын аймактарында жалпы аянты 551 миң чарчы метр болгон 4,8 миң жеке турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул көрсөткүч былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине караганда 15 пайызга көп.

Ишке киргизилген жеке турак жайлардын негизги үлүшү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

2018-жылы жалпы 8 792 турак жай курулса, анын 7 846сын жеке үйлөр түзгөн. 2017-жылы жылы 1 млн 80 миң чарчы метрлик 10 миң батир эксплуатацияга берилгени айтылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG