Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Израил Рашида Тлаибге өлкөгө келүүгө уруксат берди


АКШнын Өкүлдөр палатасынын тарыхында алгачкы жолу шайланган мусулман аялдар.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын тарыхында алгачкы жолу шайланган мусулман аялдар.

Израилдин ички иштер министри Арье Дери АКШнын Өкүлдөр Палатасынын демократ мүчөсү Рашида Тлаибге өлкөгө келүүгө «адамгерчилик кылып» уруксат берилгенин билдирди. Мунун алдында Тлаиб Израилдин жетекчилигине өлкөгө киргизүүнү өтүнүп кат жазган жана анда тууган-уругуна жолуккусу келерин, айрыкча 90го таяп калган чоң энесинин көзү тирүүсүндө аны көрүп калууну каалай турганын айткан.

Тел-Авивдеги айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Тлаиб Израилде 18-24-август күндөрү болоорун жазды. Мунун алдында Израил АКШдагы Өкүлдөр Палатасынын демократ мүчөлөрү Рашида Тлаиб менен Илхан Омар өлкөгө киргизилбей турганын билдирген. Экөө тең АКШнын президенти Дональд Трамптын саясатын жана Израилдин Палестинага кылган мамилесин кескин сындап келгени менен белгилүү.

Дональд Трамп Тел-Авивди демократ аялдарды өлкөгө киргизбөөгө чакырган жана эгер алар бул өлкөгө барса «Израил коркоктук кылып, алсыздыгын көрсөткөн болот» деп эскерткен.

Рашида Тлаиб менен Илхан Омар - АКШда Өкүлдөр Палатасынын тарыхында биринчи жолу шайланган мусулман аялдар.

XS
SM
MD
LG