Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

УКМК: Сапар Исаков ден соолугу начарлап, ооруканага которулду


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулду. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, бүгүн Исаковдун абалы начарлап, дарыгерлер консилиум өткөрүшкөн. Ага “кырарка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлду. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

УКМК мурдагы өкмөт башчы кайсы ооруканага которулганын айткан жок.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG