Германия үчүн Британиянын Европа Биримдигинен (ЕБ) келишимсиз чыгышы күтүүсүз болбойт. Бул тууралуу жекшемби күнү немис өкмөтүнүн ачык эшик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөгөн өлкө канцлери Ангела Меркел билдирди.
Ал Улуу Британия Евробиримдиктен келишимге ылайык чыкса жакшы болорун белгилеп, бирок андай болбосо Германия «башка варианттарга да» даяр экенин билдирди.
Мурдараак Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон келишимсиз болсо да өлкөнү Евробиримдиктин курамынан 31-октябрга чейин чыгара турганын бир нече жолу билдирген.
Британ лейбористтеринин лидери Жереми Корбин өлкө бийлигинин Брюссел менен келишим түзбөстөн «Брекзитке» барууга укугу жок экенин билдирген. Бул тууралуу ал 14-августта оппозициялык партиялардын лидерлери жана британ парламентинин депутаттарына жолдогон катында жазып, Евробиримдиктин курамынан келишимсиз чыгууга жол бербөөгө аракет кыла турганын белгилеген.