Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымовдун укуктары бузулуп жатат. Бул тууралуу жактоочунун кесиптештери, адвокаттар айтып жатышат. Бүгүн, 19-августта Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү, айрым жактоочулар Касымовдун жагдайын мисал кылып басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Кеңештин төрагасынын орун басары Жыргал Бабаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр кесибине байланыштуу 8-9 жактоочуга кылмыш иши козголуп, айрымдары абакта отурат.
- Адвокаттык спецификалык иш да. Кесиптик ишмердүүлүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес. Анда жактоочулар иштебей эле коюшу керек болот. Атаандаштык же таймашуу принциби деген бар, бир тарапта мамлекеттик тергөөчү болсо, экинчи жагында көз каранды эмес адвокат болушу керек, - деди ал.
Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымовду 26-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алган. Ички иштер министрлиги Касымовдун кармалышы жана ага коюлган айып тууралуу кенен маалымат бере элек.
Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлду.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. (КЕ)