АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстандын эгемендигинин 100 жылдыгына карата куттуктоосунда Кабулдагы соңку кол салууну айыптады. «Тилекке каршы, Ооганстандын эгемендигинин 100 жылдыгы да жаңжалсыз өткөн жок. Дем алыш күндөгү үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жердеги террордук кол салуу жалпы адамзатка кол салууга тете болуп калды», деп айтылат Помпеонун билдирүүсүндө.
Помпео оогандарга кайрылып жатып, алар сыймыктана турган нерселер бар экенин, анткени алар «чыдамкайлыктын жана маданий көп түрдүүлүктүн кылымын белгилеп жатышканын» белгиледи. Ал соңку 20 жылдын ичинде «билим берүү, саламаттык сактоо, инфратүзүм, аялдардын укуктары, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана басма сөз эркиндиги» жаатында жылыш болгонун кошумчалады.
17-августта Кабул шаарынын чок ортосунда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жайда жанкечтинин кол салуусунун 63 адам мерт болуп, дагы 180ден ашык киши жаракат алды. Чабуулду «Ислам мамлекети» террордук уюму уюштурганын мойнуна алды.
Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну кескин айыптады жана бул уюмдун мүчөлөрү башпаанек кылган жайлардын баарын жок кылууга убада берди.
Соңку кол салуу жыл башынан берки эң кандуу окуя болуп калды жана Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу тууралуу макулдашып жаткан маалга туш келди.