Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:10

Музей менен ат майдандагы коррупция боюнча сот иши уланат


Улуттук тарых музейи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин кароону улантат. Бул тууралуу аталган соттун өкүлдөрү билдиришти. Ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу ооруп жатканына байланыштуу соттук териштирүү белгисиз мөөнөткө жылган. Аталган иште мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин музейди оңдоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып жатканын билдирген.

Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу соттук териштирүү 28-майда башталган.

Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда.

Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин айтып келатат. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG