Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Атамбаевдин ишиндеги мыйзамсыз баюу боюнча материалдар өзүнчө каралат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата териштириле баштаган иштеги мыйзамсыз баюу жөнүндө материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кетишине байланыштуу сотко чейинки иликтөө иштеринин арасынан мыйзамсыз баюуга байланышкан материалдар бөлүнүп алынды.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 20-августта Бишкектин Биринчи Май райондук оту анын бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин камакта калтырды. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында жабык өттү.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Мурдагы президенттин адвокаттары жана тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG