Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Аба ырайы: тоолуу райондорго кар жаайт


Бишкектеги эл аралык теннис мелдеши.
Бишкектеги эл аралык теннис мелдеши.

21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36,

Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36,

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32,

Нарын аймагында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 20...25,

Бишкек шаарында түнкүсүн 15...17, күндүз 34...36 градус болот. Баш калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жаан-чачын болбойт.

XS
SM
MD
LG