Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:32

Барселонада Ооганстандын элчиси тонолду


Барселона.

Полиция жана дипломатиялык булактар билдиргендей, 18-августта Барселонада Ооганстандын Испаниядагы элчиси каракталды. Бул Жер ортолук деңизинин түндүк-чыгыш жээгиндеги Испаниянын порттук-шаарында болгон акыркы кездеги ири карактоо катары бааланууда.

Полициянын басма сөз катчысынын маалыматына караганда, каракчылар Хумаюн Расаваны шаардын борборунда жерге жыгып, саатын алып кетишкен.

Мадриддеги элчилик окуядан Ооганстандын улуттук күнүн майрамдоо учурунда Барселонада жүргөн элчи бутунан жаракат алганын, бирок абалы жакшы экенин билдиришти.

Испаниялык «El Periodico» басылмасынын жазганына караганда, Хумаюн Расаваны саатынын баасы 17 000 евро турат.

Ооган элчисинин каракталышы Европанын эл көп барган шаары катары белгилүү болгон Барселонада кылмыштуулук күчөп, анын ичинде бир канча чет элдик тонолгон учурга туш келди.

Июндун акырында түштүк кореялык делегациянын курамындагы Хьюон Ким аттуу аял анын капчыгын тартып алып жатканда жерге кулап каза тапкан. Маалыматтарда ал башынан катуу жаракат алган. Ошондой эле жакында Барселонадагы түнкү клубдагы мушташта кытай жараны көз жумган.

1,6 миллион киши жашаган Испаниянын экинчи ири шаарында июлдан бери эле алты киши өлтүрүү фактысы катталды. Бул ири көрсөткүч катары айтылууда. Ошондой эле саякатчыларга кол салуу фактылары да көбөйдү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG