Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Волейбол: Кыргызстан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жарым финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Өлкөнүн Волейбол федерациясынын басма сөз катчысы Бакыт Шүкүралиев «Азаттыкка» билдиргендей, Кыргызстандын курама командасы 20-августа Мальдив аралдарынын курама командасы менен ойноп, жыйынтыгында 3:0 (25-15; 26:24; 25-19) эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына жарым финалга чыгууга жол ачты.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы талаа ээси Непалды 3:0 эсебинде уткан.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойнойт. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш менен Ооганстандын курама командалары бар. (GT)

XS
SM
MD
LG