Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:02

Одессада кыргызстандык кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалды


Украинанын Одесса шаарында мыйзамсыз кылмыштуу топтун мүчөсү катары шек саналган кыргызстандык жаран кармалды.

Бул тууралуу Украинанын Чек ара кызматынын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 20-августта Түркиядан учак менен 24 жаштагы кыргыз жараны Одессага учуп келген.

Аэропортто текшерүү учурунда анын куралдуу кылмыштуу топтун мүчөсү катары Интерполдун тизмесине киргени аныкталган. Кылмышка шектүү эки жылдан бери Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Учурда кармалган келин Украинанын полициясына өткөрүлүп берилди. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG