Косовонун депутаттары парламентти таратуу боюнча сунушту колдошту. Эми президент Хашим Тачи мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялашына жол ачылды.
22-августтагы добуш берүүдө жалпы 120 эл өкүлүнүн 89у парламентти таратуу жана сентябрдын аягында же октябрь айынын башында жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу сунушка макулдук беришти.
Косовонун саясатындагы мындай өзгөрүүгө премьер-министр Рамуш Харадинайдын 19-июлда кызматтан кеткени себеп болду. Харадинай мындай чечимин «Косовонун боштондук армиясынын» жоокерлери аралашкан 20 жыл мурунку согуш кылмыштарына байланыштуу Гаагада сурак берер алдында кабыл алды.
Ал жеке өзү эч кандай кылмыш кылбаганын, бирок Гаагадагы сотко Косовонун өкмөт башчысы катары барууну туура көрбөгөнүн билдирди.
Рамуш Харадинай 1998-99-жылдардагы Косово согушунда партизандык топторду жетектеген болчу.