Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:01

Сот Ибраимов менен Кулматовдун ишин кароону улантат


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантат. Шаршемби күндөгү соттук отурум, соттолуучулардын адвокаттары келбей калганына байланыштуу 23-августка жылдырылган.

Адвокат Сергей Слесаревдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бүгүн “Дастан” ишканасы жана Калыс-Ордо конушундагы мектепти куруу боюнча күбөлөр суралышы керек.

Кулматов “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп соттолуп жатат.

Ибраимовго “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген. “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган.

Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG