Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:30

Адвокат Айткулов алдамчылык боюнча шектүү катары кармалды


Икрамидин Айткулов.

Адвокат Икрамидин Айткулов алдымчылыкка байланыштуу шек менен кармалды.

Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, өткөн жылы сентябрда Н.Д. аттуу жаран Айткулов андан 5,5 миң долларды алдап алганын жана ага карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

Материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага берилген. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча («Алдамчылык») шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилди. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоо абагына камалды.

Жактоочунун аялы Раушан Айткулова күйөөсү сурак бергенден кийин кармалганын жана ага жалган жалаа коюлуп жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Икрамидин Айткулов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде кызматтан алынган мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун адвокаты болчу.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG