Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Милиция: адвокат Айткуловдун уулу да алдамчылык үчүн шек саналууда


Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Кармалган адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу да алдамчылыкка байланыштуу шек саналууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык милициясынын башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл январь айында Башкы прокуратурага анын уулу Азамат Айткуловго каршы Бишкектин тургунунан арыз келип түшкөн. Анда Айткулов 2014-жылы 31 миң доллар карыз алып, ошондон бери бербей жүргөнүн айткан. Кийин уулунун карызын адвокат Икрамидин Айткулов төлөөгө милдеттенме алып, бирок төлөбөй жүргөн.

Бул даттануунун негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Анын жүрүшүндө Азамат Айткулов 2015-жылы дагы «Алдамчылык» беренеси менен соттолгону аныкталган.

Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов суракка чакырылып, 22-августта кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Жактоочунун жубайы Раушан Айткулова күйөөсү сурак бергенден кийин кармалганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, ага жалган жалаа коюлуп жатканын баса белгилеген.

Икрамидин Айткулов “Милициянын кызыкчылыгын саткан” деген негизде кызматтан алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты болчу.

Ошондуктан, адвокаттын жакындары милициянын аракетин дал ушул ишке байланыштырып, куугунтук катары баалап жатышат.

Икрамидин Айткулов буга чейин кылмыш иши козголгон бир нече саясатчынын адвокаты катары иштегени белгилүү.(BkA)

Дагы караңыз: Адвокат Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды

XS
SM
MD
LG