Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Жалал-Абад: базардагы өрттүн чыгымы 45 миллион сом болду


Fire broke out in the central market of the city of Jalal-Abad /20/08/2019
Fire broke out in the central market of the city of Jalal-Abad /20/08/2019

21-август күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан чыккан өрттүн кесепети эсептелип чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон соодагерлер 45 миллион сомдук зыян тарткан. Ал эми өрттүн чыгыш себеби катары электр зымынын чаташып кетип, учкун чыгарганы айтылды.

Бул фактыны шаардык милиция “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” катары каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды жана өрттүк-техникалык экспертиза дайындалды.

Шаардык базардагы өрттөн улам 3,6 миң чарчы метр жердеги, 174 соода жайлары күйүп кеткен.(RsK)

XS
SM
MD
LG