Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Манасчылар арасында сынак өттү


Манасчы Келдибек Карбоз уулунун урматына уюштурулган сынактын катышуучулары.
Манасчы Келдибек Карбоз уулунун урматына уюштурулган сынактын катышуучулары.

XVIII кылымдын соңунда жашап өткөн айтылуу манасчы Келдибек Карбоз уулунун урматына уюштурулган "Тулпар Манасчы" сыйлыгы ээсин тапты.

Быйыл биринчи жолу уюшулган наамга КРдин эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдрахманов татыктуу болду. Бүгүнкү күндүн мыкты манасчысын тандоо максатында уюштурулган сыйлык коомдук уюмдар тарабынан түптөлгөн.

Мындай ардактуу наамдын ээсине төш белги жана акчалай сыйлык берилет. Назаркул Сейдрахманов буга чейин "Манас-1000" деп аталган манасчылардын сынагында баш байгени жеңип алган.(ZA)

XS
SM
MD
LG