Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный бул өлкөдөгү “режимге каршы нааразылык толкуну күчөй берет" деп эсептейт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
- Коркутуу жана террорго карабастан нааразылык акциялары күчөй береринен күмөнүм жок, -деди ал дээрлик бир ай камакта отуруп чыккандан кийин.
Июль айынын соңунда Навальный "коомдук иш-чараны өткөрүү эрежелерин кайталап бузганы" үчүн 30 суткага Москвада полициянын атайын кармоочу жайына камалган.
Ал 27-июлдагы Москвада бийлик менен макулдашылбай өткөрүлгөн акцияга элди чыгууга үндөгөнү үчүн күнөөлүү деп табылган.
28-июлда саясатчы өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Расмий версияга караганда, оппозиционерге дерматит деген диагноз коюлган.