Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

«Стимул»: Орусияда тажикстандык кумса жердештеринен зомбулук көрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда тажик жарандарынын тобу кумса жердешине зомбулук көрсөтүшкөнүн «Азаттык» радиосунун тажик кызматына Москвадагы «Стимул» аттуу ЛГБТ демилге тобу билдирди. Уюмдун юристи Антон Рыжовдун айтымында, окуя 22-августта болгон.

27 жаштагы Али аттуу жаранды ур-токмокко алды деген шек менен бир адам кармалды, дагы үчөөнө издөө жарыяланды. Подмосковьенин күч түзүмдөрү азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Али соңку алты жылдан бери Орусияда кафелерде жана соода борборлорунда иштей турганын, өзүн жыныстык азчылык топторунун өкүлү деп эсептээрин, жердештери андан акча талап кылып, «туура эмес жолго түштүң» деп сабаганын, баарын видеого тартып алышканын айтып берди.

«Стимул» уюму ЛГБТ өкүлдөрү менен 2015-жылдан бери иштейт.

Уюмдун маалыматы боюнча бул тажикстандык жаран кайрылган биринчи учур болду. Буга чейин Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Түндүк Кавказдын өкүлдөрүнөн арыз-даттануулар түшкөн.

Орусияда, расмий маалымат боюнча, 1 миллион 255 миң тажик мигранты жашайт.

XS
SM
MD
LG