Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:03

Ысык-Көлдө кыздар үчүн «Эже-сиңдилер» лагери уюштурулду


Кыргызстандык секелектерге турмушта ар кандай кырдаалды жеңүүнү, коомго жигердүү аралашууну жана укуктарды үйрөткөн “Эже-сиңдилер” лагери уюштурулду.

21-25-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын бирине мамлекеттин ар кыл аймактарынан 14-18 жаштагы 45 кыз чогулуп, аларга адистер сабак өтүштү.

Кыздар үч багытта – гендердик теңчилик, өзүн өзү өнүктүрүү жана психикалык-эмоционалдык колдоо көрсөтүү жаатында билимдерин кеңейтишти.

Лагерди “Search for Common Ground” эл аралык уюму “ЖашСтан” долбоорунун алкагында уюштурду.

Дүйнөдөгү кыздардын укугун коргоо максатында Бириккен улуттар уюму11-октябрды “Кыздар күнү” деп жарыялаган. Бул дата Кыргызстанда да белгиленет. (SE)

"Эже-сиңдилер" лагеринен фотобаян бул шилтемеде: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_rights_sisterhood_photogallery/30126911.html

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG