Кыргызстанда радикалдуу жана экстремисттик идеялардын алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин күчөтүү максатында 22-23-август күндөрү Бишкекте атайын окутуу уюштурулду.
Ага республиканын бардык аймактарынан чакырылган укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору, Ички иштер министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер агенттиги бирге өткөрдү.
Кыргызстанда «экстремисттик көз карашты жайылтат» деп 21 диний уюмга тыюу салынган.
Террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган 800дөй кыргызстандык Ирак менен Сирияга кеткени расмий айтылган. Өкмөт алардын арасынан аялдарды жана балдарды быйыл сентябрда мекенге алып келүүгө жана реаблитациядан өткөрүүгө камынып жатат. (SE)