Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:31

Ливан аба соккулары үчүн Израилди айыптады


Ливандык аскер. Бейрут. 25-август, 2019-жыл.

Ливандын аскерлери Израилдин эки учкучсуз аппараты Бейруттун түштүгүндөгү «Хезболла» кыймылынын уюгуна сокку урганын билдирди.

Ал эми Ирандын колдоосуна ээ болгон шииттердин кыймылы учактардын бири алардын медициналык борборун жарактан чыгарганын маалымдады.

Ливан армиясы 25-августта тараткан билдирүүдө эки учкучсуз аппарат өлкөнүн аба майданын таң эрте бузуп кирип, «биринчиси кулап түшкөнү, экинчиси абадан жарылып, материалдык чыгым алып келгени» жазылган.

Премьер-министр Саад Харири муну «Ливандын эгемендигине эбегейсиз кол салуу» деп атап, «бул жаңы агрессия» аймактык туруктуулук үчүн коркунуч жаратарын кошумчалады.

Израилдын расмий адамдары бул соккулар боюнча комментарий беришкен жок. Мындан бир нече саат мурда Израил коңшу Сириядагы Ирандын күчтөрүнө абадан сокку урганын билдирген.

24-августтагы аба соккулары Дамасктын түштүк-чыгышындагы Акраб айылындагы «Кудс» деп аталган Ирандын тандалма күчтөрүнө каршы багытталган. Маалыматты премьер-министр Беньямин Нетаньяху да ырастап, муну менен анын армиясы Ирандын учкучсуз дрондорду колдонуу менен Израилге даярдап жаткан соккусунун алдын алганын билдирди.

Ирандын ILNA жарым-жартылай мамлекеттик агенттиги Ирандын турумдары жабыркаганы тууралуу маалыматты Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири четке какканын жазды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG