Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Дарыгерлер Сапар Исаковду кошумча текшерүүдөн өткөрүштү


Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугун дарыгерлер кошумча текшерүүдөн өткөрүштү. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын жыйынтыгы 27-августта чыгарыларын «Азаттыкка» билдирди:

- Абалы жакшы эмес. Өңү бопбоз болуп кеткен. Кирип, сүйлөшүп жатам. Мындан аркы дарыланышы дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар киши катары Сапар Исаков 2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Саламаттыгы начарлап, 16-августтан бери Улуттук госпиталга которулган. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган.

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тарткан. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.

Кармалгандардын арасында Сапар Исаковдон тышкары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG