Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:58

ЖАМК: Садыр Жапаров уулунун тажиясына катышат


Садыр Жапаров.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) камактагы саясатчы Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берди. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Адвокат Шарабидин Токтосунов жол кырсыгынан каза болгон уулуна топурак салыш үчүн Жапаровду убактылуу абактан бошотууну суранып президенттин атына жана ЖАМКка кат жиберген.

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жараатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта өтөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, ал 22-августтун кечинде Көк-Жар конушунда мотоциклде баратып, автоунааны сүзгөн. Жанындагы 20 жаштагы кыз да жабыркап, ооруканада жатат.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Быйыл мартта апасы кайтыш болуп, барып топурак салууга уруксат берилген. Буга чейин Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес. Анын атасы Нуркожо Жапаров 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында дүйнөдөн кайткан. (КE)

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG