Ушул жылдын жети айында айыл чарба тармагын жана аймактарды өнүктүрүүнү каржылоо максатында 1,5 млрд. сом насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта «Айыл Банктын» башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл айыл чарбасына жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Маалыматка караганда, былтыр айыл чарбасын каржылоо 47 пайызды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 66% жетти. Мындан сырткары банктын насыялык портфели 21,5 млрд. сомго көбөйгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-августта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Кепилдик фондунун», «Айыл Банктын» жана «РСК Банктын» жетекчилерин кабыл алып, аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырган.
Аталган төрт финансылык мекеме жыл башынан бери 17,5 миллиард сомдук насыя берген.
Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (KЕ)