Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:26

АКШ менен Украинанын президенттери 1-сентябрда Варшавада жолугушат


Жон Болтон.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-сентябрда Варшавада жолугушат. Бул тууралуу 27-августта Киевге келген АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон билдирди.

Анын айтымында, эки мамлекет башчы Польшанын баш калаасында Экинчи дүйнөлүк согушту эскерип уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында кезигишет. Варшавадагы эскерүү жыйындарына Орусиянын президенти Владимир Путин чакырылган эмес.

Анын алдында Трамп Зеленскийди АКШга чакырганы жана жакын арада украин лидеринин Вашингтонго расмий сапары пландалып жатканы кабарланган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Украинадан нары Молдовага жана Беларуска жол тартат. Ал XXI кылымда Минскиге сапар менен келген америкалык эң жогорку даражалуу аткаминер болот.

XS
SM
MD
LG