Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун камакка алынган жардамчысы Дамир Пайзылда уулунан кабар алды. Буга социалдык тармактарда «көрсөтмө алыш үчүн Асановдун жардамчысы сабалды» деген маалыматтар негиз болгон.
- Өзүнө жолуктум. Абалы жакшы экенин айтты, болгону дендароо болуп калганын билдирди. Ден соолугу жакшы экенин, милициялар тийбегенин айтты, - деди ал.
Аталган борбордун жетекчиси буга чейин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу кармалгандар, алардын катарында КСДПнын мүчөсү Фарид Ниязов менен эки ирет жолугуп чыкканын, ооруканага барып мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдон кабар алганын айтты. Сулайманов борбордун өкүлдөрү 29-августта УКМКнын тергөө абагына кирип, Исаковго жолугуп чыгышарын кошумчалады.
Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 28-августта эртең менен ооруканадан абакка которулган. Адвокат Нурбек Токтакунов анын абалы «жакшы эмес» экенин, дарыгерлер УКМКнын буюртмасы менен шашылыш чыгарышканын айткан. (КЕ)