Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:48

29-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 29-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

29-августта Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° болот.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG