Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:40

«Талибан» АКШ менен келишим түзүүгө жакындап калганын билдирүүдө


Катардын борбору Доха шаарында «Талибан» кыймылы америкалык расмий адамдар менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүү.

«Талибан» кыймылы 28-августта тараткан маалыматка караганда, келишимдин долбооруна ылайык америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылат. Талибдер болсо өлкө башка эл аралык согушкерлердин жайына айланбай турганына кепилдик берет.

Талибдер бул тууралуу Катардын борбору Доха шаарында, америкалык расмий адамдар менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы учурунда айтышты.

- Эгемендикке умтулган биздин мусулман калкы үчүн жакшы жаңылык болот. Биз ушундай деп үмүт кылып жатабыз, - деди талибдердин Дохадагы саясий өкүлчүлүгүнүн өкүлү Сухайл Шахин.

Дохада «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан АКШнын расмий өкүлдөрү бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бул сүйлөшүүлөргө катышып келе жаткан, атын атагысы келбеген адамдын маалыматына караганда, АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад жетишилген келишим тууралуу кабарлаш үчүн Кабулга келип, президент Ашраф Гани менен жолугушу мүмкүн. Маалыматтарга караганда АКШ Ооганстандан аскерлерин 14-24 айдын аралыгында чыгарып кетиши ыктымал.

Ал арада 28-августта Ооганстандын чыгышында «Талибан» кыймылынын согушкерлеринин кол салуусунан кеминде 14 полиция кызматкери курман болду. Бул тууралуу аймактык полициянын өкүлү Абдул Ахад Вализада кабарлады. Талибдер Герат провинциясындагы Чахардара чек ара өткөрмө бекетине кол салышкан.

Вашингтон буга чейин тынчтык макулдашуусуна 28-сентябрда Ооганстанда өтө турган президенттик шайлоого чейин жетишүүгө аракеттенип жатканы айтылган.

Азыркыга чейин «Талибан» кыймылы Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушуудан баш тартып, аларды «мыйзамсыз» жана «Батыштын кол баласы» деп атап келет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG