Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Түркия Орусиядан аскер учактарын сатып алгысы келет


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Су-57 кыргын салуучу учагын көрүп жатат. 27-август, 2019-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Су-57 кыргын салуучу учагын көрүп жатат. 27-август, 2019-жыл.

Москва менен Анкара Түркияга Су-57 жана Су-35 кыргын салуучу учактарын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги кабарлады.

2019-жылы Орусия Түркияга ракетага каршы С-400 комплексин сата баштаган. Бул Анкара менен НАТОнун ортосунда пикир келишпестикке себеп болуп, Вашингтон Түркияны өзүнүн F-35 учактарын жасоо программасынан чыгара турганын билдирген.

Орусиянын Федералдык аскердик-техникалык кызматташтык мекемесинин башчысы Дмитрий Шугаев 28-августта түркиялык кесиптештери менен бирге С-400 комплекстерин жеткирүү, ошондой эле Су-35 жана Су-57 учактарын сатуу маселелерин талкуулаганы жатканын кабарлады. Анын айтымында, Түркия аскер учактарын сатып алууга абдан кызыгып жатат. Бирок азырынча расмий кайрылуу түшө элек болгондуктан так келишимдер тууралуу айтуу али эрте.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Москвада Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушууда ал коргонуу тармагындагы, анын ичинде аскер учактары боюнча кызматташтыкты улантууга ниети бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG