Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Йемендик жикчилдер Саудиянын аэропортуна чабуул коюшту


Йемен. Сүрөттүн кабардагы окуяга түз тиешеси жок.
Йемен. Сүрөттүн кабардагы окуяга түз тиешеси жок.

Йемендик жикчил-хуситтер тобу Сауд Арабиясындагы Абха аэропортуна ракета менен чабуул коюлганын жарыялашты. «Интерфакс» аба майданынын иши токтоп калганын жазды.

Хуситтерге каршы Сауд Арабиясы коалициясынын өкүлү, 28-августта кечинде аэропортко Йеменден коё берилген снаряд менен чабуул коюлганын, жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Хуситтердин өкүлү Яхя Сария учкучсуз каражаттар колдонулганын, бул Сауд Арабиясы жетектеген коалициянын Йемен аймагына уруп жаткан соккуларына жооп экенин «Твиттерге» жазды. Алар авиациялык кампаны жок кылууну көздөшкөн.

Сауд Арабиясы жана анын коалициядагы өнөктөшү Бириккен Араб Эмираттары 2015-жылдан бери Йемен өкмөтүн колдоп, хуситтер менен күрөшүп келет. Ал эми Иран колдогон хуситтер Йемендин батышынын бир бөлүгүн, баш калаа Сана шаарын да көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG