Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:44

Финляндия өзбек мигранттардын көбүнө иштөөгө уруксат бербей жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндиянын Миграция кызматы 2019-жылдын жаз-жай айларында 139 өзбекстандыкты депортация кылды. Жергиликтүү басылмаларга таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, жакында дагы 219 өзбекстандык мамлекеттен чыгарылат.

Алты ай аралыгында болгону 42 өзбек жараны уруксат алды.

Жумуш издеп келген айрым өзбекстандыктардын дипломдору жасалма экени аныкталган соң катаал текшерүү башталган. Алар негизинен курулушта иштейт.

Расмий маалыматтарга караганда, ишке кирерде «курулуш адиси» экенин тастыкташ үчүн көбүнчө жасалма дипломдорду көрсөтүшөт. Дипломдор Өзбекстанда 26 жыл мурун жабылган «Курулуш техникумунан» берилгени аныкталган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG