Жалал-Абадда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жергиликтүү мүчөлөрү айрым депутаттарды партиядан чыгарууну талап кылышты.
Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында өткөн кыймылдын жыйынында катышуучулар Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга катышканы үчүн партиядан чыгаруу менен мандатынан ажыратуу боюнча сунушту кабыл алышты.
Кыймылдын шаардык координатору Максат Жээнбеков «Азаттыкка» билдиргендей, депутаттар мыйзамга каршы аракеттери үчүн жооп бериши керек.
Мындай жыйындар бул жумада облустун бардык район-шаарларында өттү. Буга чейин Сагынбек Абдрахманов ал жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Кеңештин депутаттарын Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын билдирген.
Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги өзгөртүлгөн.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары сыпаттап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (RsK)