Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:02

Жээнбеков: Бийлик бутактарындагы коррупция - улуттук трагедия


Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 31-август - Эгемендик күнү менен куттуктап жатып, өлкөдөгү коррупция маселесине токтолду. Жээнбеков чейрек кылым ичинде бийлик элге кызмат кылуунун ордуна байлык жыйноо менен алек болуп калганын белгиледи.

- Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик бутактарындагы коррупция улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Мындан ары таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл, - деген Жээнбеков элди түндүк-түштүк болуп бөлүнбөөгө чакырды:

- Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз. Ал үчүн «түндүк-түштүк» деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алышыбыз зарыл. Залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз - куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз.

Кыргыз элинин жоопкерчилиги - өлкөдө жашап жаткан бардык улуттардын башын кошуп, жалпы элдин биримдигин сактоо керек экенин айтты.

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Ала-Тоо аянтында өткөн аземге президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов катышты. Мындан сырткары депутаттар, саясий, коомдук ишмерлер чакырылган.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (44)

XS
SM
MD
LG