Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Айтматова бийликти кескин сындаган кайрылуу таратты


Экс-депутат Ширин Айтматова “ҮМҮТ2020” деп аталган элдик кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, коомчулукка видео кайрылуу жолдоду.

Анда Айтматова элдин жашоосу кыйындап, өлкөдө коррупция тамыр жайып, парламент өз милдетин аткарбай, соттор бийликтин айтканынан чыкпай, өлкөнү уюшкан кылмыштуу топ башкарып жатат деп бийликтин бардык бутактарын кескин сынга алды.

“Парламент өкмөттү түзүп, көзөмөлдөйт. Парламент сотторду бекитет. Парламент элдин өкүлү болушу керек. Бирок өлкөдөгү кырдаал Жогорку Кеңеш өз милдетин аткара албай калганынын далили. Буга байланыштуу, мен Ширин Айтматова бийликти элге алып берүү үчүн “ҮМҮТ2020” деп аталган элдик кыймыл түзүп жатам. Биз жылдап мамлекеттин акчасын жеген уурулардын бетин ачабыз. Биз өз мандатын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган депутаттарды көрсөтөбүз”, - деди Айтматова видео кайрылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова узакка созулган тыныгуудан кийин жакынкы күндөрү социалдык тармактарда пикирин байма-бай жаза баштаган. Ал негизинен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана анын айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу сын айтып жатат.

Айтматова 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөй баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG