Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында, көкбөрү боюнча өткөн Президенттин кубогун Оштун «Достук» командасы утуп алды. Финалда «Достук» Таластын «Ынтымак» командасын 3:2 эсеби менен жеңди.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Аудасбек Мырзабек уулу улак таштап, «Ынтымактын» оюнчулары эсепти ачты. Экинчи таймда Манас Ниязов атаандаштын тай казанына эки жолу улак таштап, «Достук» командасы алдыга чыккан.
Оюндун акыркы бөлүгүндө «Ынтымактын» оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу эсепти теңегенге үлгүрдү.
Оюн бүтөрүнө бир мүнөт калганда Майрамбек Рысбеков улак таштап «Достук» командасы жеңишке жетти.
Бул эки команда дайыма маанилүү мелдештердин финалында беттешип келет. Нооруз-2019 мелдешинде «Ынтымак» командасы жеңишке жетсе, 9-майда Улуу жеңиштин урматына уюшулган мелдеште «Достук» командасы жеңүүчү болгон. (GT)