Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:20

Немис президенти поляктардан кечирим сурады


Франк-Валтер Штайнмайер Велюнь шаарындагы эскерүүдө. Польша, 1-сентябрь, 2019-жыл.

Германиянын президенти Франк-Валтер Штайнмайер тарыхтагы эң кандуу жаңжал үчүн Польшадан кечирим сурады. Президент жекшембиде 1939-жылдын 1-сентябрында улутчулдар тарабынан биринчи болуп аткыланган жана бомбаланган Велюнь шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты.

“Германиялык тираниянын курмандыгы болгон поляктарга таазим этем жана кечирим сурайм”, -деди Штайнмайер немис жана поляк тилдеринде сүйлөп.

Аземге катышкан Польшанын мамлекет башчысы Анджей Дуда нацисттик Германиянын Польшага кол салуусун “варвардык аракет” деп сыпаттады.

50 миллиондон көп кишинин өмүрүн алып кеткен согушта алты миллиондой поляк, ичинде үч миллион польшалык жөөт курман болгон.

1-сентябрдын кечинде Варшавада өтчү иш-чарага Германиянын канцлери Ангела Меркель жана АКШнын вице-президенти Майк Пенс да катышты.

Президент Доналд Трамп Флориадага жакындаган катуу бороондон улам, сапарынан баш тарткан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG