Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Бишкекте курал-жарак менен коркуткан жаран кармалды


Кармалган жарандан алынган куралдар.
Кармалган жарандан алынган куралдар.

Бишкекте машинесине курал-жарак салып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-августта шаардын тургуну «Toyota Land Cruiser-200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу автомат кезеп, коркутканын айтып милицияга кайрылган. Анын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча текшерүү башталган. Мунун алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы адам кармалды.

Анын автоунаасын тинткен учурда МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык мылтык, Калашников автоматына окшоштуруп жасалган страйкбол куралы, көп сандагы ок-дары табылган. Кармалган адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG