Гонконг администрациясынын башчысы Керри Лам бир канча айдан бери токтобой жаткан нааразылык акцияларынан улам «кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө аракет кылган» деген маалыматты жокко чыгарды. Ал 3-сентябрда бул маселени талкуулоо «оюна да келбегенин» айтты.
Мунун алдында «Reuters» маалымат агенттиги «расмий эмес жабык жыйындардын биринде Лам эгер мүмкүнчүлүгү болгондо кызматтан эбак эле кетип калмак болгонун сөз кылды» деп билдирген жана анын үнү жазылган деген аудио да жарыяланып кеткен.
Гонконгдо үч айга жакын убактан бери миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары токтобой жатат. Митингдерге кылмышкерлерди Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.
Керри Лам бул документти «өлүк» деп атаганы менен демонстранттар документтин парламенттен биротоло алынып салышын жана Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.