Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:10

Сох-Риштан жолу ачыла элек


Чек ара.

Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачыла элек. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы жеринен кабарлады. Учурда анклавдагы Тул айылы менен чектеш жердеги көпүрө эки тараптан тең жабык турат. Кабарчыбыздын айтымында, жол автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн да жабык. Чек арачылар комментарий беришкен жок.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолдун ачылыш аземинен видеотасма жарыялаган. Анда жолдун ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кыргызстандык жарандар катышкан.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коңшу өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган жолду ачуу боюнча бир топ маселелер бар экенин, анын ичинде Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасоо зарыл экенин белгилеген.

Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав. 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан соң Сох-Риштан жолу жабылган болчу. (КЕ/JsA)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG