Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Адвокат: 4-сентябрда Атамбаевге байланыштуу эки сот отуруму болот


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, 4-сентябрда саат 11:00дө Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту карайт.

Ошондой эле Атамбаевдин бөгөт чарасын 26-октябрга чейин узарткан Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы жазган адвокаттардын арызын кароо да шаардык сотто 11:30га белгиленди. Бирок, жактоочунун айтымында сот отурумдары Атамбаев кармалып турган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында болушу мүмкүн.

20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Ошол эле күнү ошол эле сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыккан. Сот анын бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын УКМКнын имаратында караган. Адвокаттар соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG